Ирандын ТИМ башчысы америкалык базага сокку уруунун себебин айтты

Министр Зариф Иран абалды курчутуп жиберүүгө же согуш чыгарууга умтулбаганын билдирип, бирок бардык терс күчтөрдөн коргоно турганын кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Ирактагы Американын аскерий базасына сокку коргонуу үчүн урулганын айтып, Тегеран абалды "курчутуп же согуш чыгарып жибербөөгө" умтулуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Иран, БУУнун 51-беренесине ылайык, адам өлүмүнүн алдын алуу үчүн биздин жарандарга жана жогорку кызматтардагы адамдарыбызга кол салгандардын базасына сокку уруу менен өзүн-өзү коргоо чарасын көрдү", — деп жазган Зариф Twitter баракчасына.

Иран каршы чыккан АКШнын башка өлкөдөгү базаларына да сокку урууга даяр
Ал ошондой эле Иран абалды курчутуп жиберүүгө же согуш чыгарууга умтулуп жатпаганын билдирип, бирок бардык терс күчтөрдөн коргоно турганын кошумчалаган.

Иран Американын Ирактагы аскерий базасына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы 4.20) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.