Иран каршы чыккан АКШнын башка өлкөдөгү базаларына да сокку урууга даяр

Иран Американын Ирактагы аскерий базасына 8-январга караган түнү баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Ирандын Tasnim агенттиги америкалык авиабазаларга жасалган ракеталык соккулардын экинчи толкуну башталганын кабарлады. Адамдын өлүмүн болтурбоо үчүн АКШны Жакынкы Чыгыштагы аскерий базасын чыгарып кетүүгө чакырды.

Тегеранда генерал Сулейманини акыркы сапарга узатышты: эл өч алууну талап кылды
Ал эми РИА Новостинин аскердик маалымат булагы ирандык аскерий учактар абага көтөрүлүп, чек аралаш аймактарда айланып жүргөнүн билдирди.

Иран Американын Ирактагы аскерий базасына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убакытсы 4.20) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган.

Sputnik Кыргызстан Иран менен АКШнын ортосундагы кырдаал тууралуу онлайн трансляция жүргүзүп жатат. Ал жактан ыкчам маалыматтарды окуп, сүрөт, видеолорду көрө аласыздар.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.