Шейшембиге карата аба ырайы

7-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү күндүз айрым аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас, Ысык-Көл аймактарында -1…+4, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1…+6 градус жылуу, Нарын жергесинде күндүн табы -6...-11 градуска төмөндөйт.

Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү +3...+5 градуска көтөрүлөт.