Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео

Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна дагы бир кыргызстандык кыз катышты. Ал тартылган эфир 22-декабрда кечинде Россиянын Биринчи каналынан көрсөтүлдү.
Sputnik

11 жаштагы Альбина Орозакунова спорттун стекинг түрү менен алектенет. Ал ушундай өзгөчө өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырды. Стекингдин эрежеси боюнча атайын жасалган стакандардан пирамида куруп, кайра жыйнайт. Муну болушунча тездик менен жасоо шарт.

Кыргызстандык вундеркинддер Central Asia Got Talent сынагында финалга чыкты. Видео
Альбина алгач өзү көрсөтүп берип, андан соң Галкинден да кайталоосун өтүнгөн. Бирок ал кыргызстандык кыздай тез чогулта албай койду.

Буга чейин "Лучше всех" шоусуна кыргызстандык шахматчы Султай Чыңгыз, Нурмухамед Ташмаматов жана эгиз кыз Айпери менен Нурпери Тургуналиевалар, жаныбарлар дүйнөсүнө кызыккан Албанали Алым уулу, Ван Даммдын трюктарын жасаган Мухаммед Али Хасанакунов катышып келген.