МОСКВА, 19-дек. — Sputnik. Sputnik Эстониянын кызматкерлерине карата жумушун алмаштырбаса кылмыш ишин козгоо шарты европалыктардын сөз эркиндиги жана демократия боюнча түшүнүгүнө туура келбейт. Мындай пикирин россиялык белгилүү теле алып баруучу Владимир Соловьев билдирди.
Соловьевдун айтымында, XXI кылымда Европа Кеңешине мүчө мамлекетте ушундай акылга сыйгыс аракеттердин болуп жатканы өтө кейиштүү.
"Демократиялык баалуулуктар бааланган өлкөдө "же иштен кет, же түрмөгө отурасың" деп айтууга шарт түзгөн кырдаалдын пайда болушуна ишене албай турам. Бир да мамлекетте мындай болушу мүмкүн эмес. Ортодо кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп кетти дегим келип турат. Же кайсы бир аткаминер ЖМК ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамды туура эмес окуп алган окшойт", — деди ал.
Соловьев журналисттер өз милдетин аткарып, мыйзамдуу басылмада иштеп жатканы үчүн коркутууларга дуушар болуп жатканын белгиледи.
Эстония — Балтика боюндагы Sputnik кеңсеси жана толук кандуу редакциясы бар бирден-бир өлкө. Жамаат 35 кишиден турат, алардын 33ү "Россия бүгүн" агенттигинин эмгек келишими менен иштеген Эстония жарандары. Агенттик ай сайын мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн чегерип турат. Бул 30 миң евронун тегерегиндеги сумма.