Машинанын ичинде калган ит аны көлмөгө чөктүрүп жиберди. Видео

Автоунаанын ээси темир тулпарды өчүрбөй, итин да ичине калтырып кеткен. Кытайда ит ээсинин автоунаасын көлмөгө чөктүрүп жиберди.
Sputnik

Шыйпаңдап, бурчка туруп. Тентек кылып ээсинен жеме уккан иттердин видеосу
Окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды. Маалыматтарга ылайык, окуя 10-декабрда Чжэцзян провинциясында болгон.

Киши автоунаасын жасалма көлмөнүн жанына токтотуп, итин да калтырып кеткен. Ал бат эле келе калам деген ой менен темир тулпардын кыймылдаткычын өчүргөн эмес. Бирок салондогу ит машинанын түрдүү баскычтарын басып, ал көлмөгө түшүп кеткен.

Бактыга жараша, итти куткарып калышкан.