Жангарачеванын ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду. Жаңы директор Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине Айгүл Мамбетказиева жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маданиятпы же... Депутат музейдеги окуяга укуктук баа берүүнү талап кылды
Тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. 

Эске салсак, бир жума мурда аталган музейде өткөн көргөзмөгө жылаңач кыздар чыгып, алардын жоругу коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Анын айынан музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.