БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учуктун дары жардам бербей калган оор түрү менен жабыркагандар көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн маалыматына таянып The Lancet журналы жазды.
Анда белгиленгендей, Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде кургак учук илдетин жуктургандар көп болууда. Жалпы бейтаптардын 85 пайызы (Түркмөнстан боюнча маалымат көрсөтүлгөн эмес) бул аймактардагы 17 мамлекетте жашайт. Алардын 90 пайызы оорунун туруктуу формасы менен жабыркап, үзгүлтүксүз дары ичишет.
Кургак учук бугүнкү күндө адам өмүрүн алган кооптуу 10 дарттын катарына кирет. 2017-жылы дүйнөдө 10 миллион адам ооруган болсо, анын 1,6 миллиону каза тапкан. 2000-2017-жылга чейин дартты аныктоо жана аны дарылоо жакшы жүргүзүлгөндүктөн ооругандардын саны 54 миллион адамга кыскарган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кургак учук менен ооругандардын арасында өлүмдүн санын азайтуу боюнча стратегиялык планды ишке ашырууда. 2015-2035-жылдарда бейтаптардын саны 95 пайызга кыскарып, жаңы жуктуруп алгандар 90 пайыздай болору кутүлүүдө.
Кыргызстандагы кургак учук боюнча абалды төмөнкү инфографикадан көрүүгө болот.