Чет элдик номер тагылган автоунаа менен эреже бузгандарга кандай чара көрүлөт?

Жээнбаева ошондой эле "Коопсуз шаар" иштеген ири шаарларда да эреже бузган чет элдик номерлүү автоунааларга токтом чыгарылбай турганын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик номер тагылган автоунаа менен жол эрежесин бузгандардын баары каттоого алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде билдирди.

Бирок Кыргызстанда чет элдик номерлердин базасы жок болгондуктан аларга токтом чыкпайт.

"Азыркы күндө бизде база жок болгондуктан аларга токтом чыгарылбайт. Бирок бул боюнча (база түзүү — ред.) премьердин буйругу менен жумушчу топ түзүлгөн, сунуштарды даярдадык", — деди ал.

Депутат "Коопсуз шаар" долбоорундагы алешемдиктерди санап берди
Жээнбаева ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоору иштеген ири шаарларда да эреже бузган чет элдик номерлүү автоунааларга токтом чыгарылбай турганын кошумчалады.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов эреже бузган чет элдик номерлүү автоунааларга да айып салууга коңшу Казакстанда аракеттер көрүлүп жатканын айтып, мындай иштер Кыргызстанда дагы жүрүп жатканын белгиледи.