Кечээ WADA билдирүүсүн жарыялады. Анда Россия улуттук спорттогу допинг көйгөйү менен катуу күрөшүп жатканы жана аны жазалоо керектиги айтылат.
Ооба, так ушинтип жазылып турат.
Ошол эле учурда сунушталган санкциялардын да тизмеси чыкты. Эң негизгилери — өлкөдө эл аралык мелдештерди өткөрүүгө тыюу салуу, "таза" спортчулардын мелдештерге нейтралдуу макам менен гана чыгуусу, ири мелдештерде курама командаларды улуттук желек менен чыгуу укугунан ажыратуу. Мунун баары төрт жыл аралыгында боло турган иш.
Акыркы чечим 9-декабрда WADA уюмунун аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынат.
Россия спортунун өкүлдөрүнүн бул боюнча пикири "балким, баары жакшы болуп кетер" деген илгери үмүт, "Россия спортун өлтүрүү" деген түйшөлүү жана WADA уюмунун акыйкатсыз чечимине болгон жаалы менен коштолууда.
Спорттук юристтер мындай сунушту "болбогон сөз" дегени менен эгер ал кабыл алынып калса, жокко чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин моюндап жатышат.
Кабыл алына турган бүтүмдүн айланасында болуп жаткан сөз арасында "деги эмне болуп жатат?" деп таң калгандар да жок эмес.
Ал эми спортто жагдай курчугандан курчууда. Эмнеге? Суроо өтө маанилүү, бир карасаң жообу деле жеңил табылчудай.
WADA Россия спортуна бийлиги болгону үчүн басым кылган мамиле жасоодо.
Россия бир нече жыл ичинде дүйнөлүк саясаттагы ордун кыйла өзгөртө алды. Мунун баарына Москва коюлган талаптарга кың дебей баш ийип бериши менен эмес, таптакыр ага карама-каршы аракеттер, ыкмалар менен жетти.
Таңууланган эрежелер менен ойноодон баш тартып, өз эрежелерин түздү. Албетте, тобокелчилик да күч болчу. Ал эми "туурадан чыгып Батышты ого бетер кыжырлантпоо" стратегиясы өлкөнү кыйроого гана алып келмек. Ошого түртүп жатышкан.
Мунун жыйынтыгы маалым. "Кремлдин авантюралары" — санкцияларга санкция менен жооп берүүдөн Сириядагы аскерий операцияларга чейинки кадамдар, импорттун ордуна мүмкүн болгон тараптын баарына карай курулган түтүктөр акыры келип артыкчылыкка айланып, батыш мамлекеттери менен алака да жөнгө салынды.
Дипломатия, экономика, аскердик тармак, нефть, газ жана башка багыттардан айырмаланып, Россия спорту башка жол менен кетти. WADA, Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация жана башка дөө-шаа уюмдар менен урушкан жок. Бардык талаптарды унчукпастан аткарды.
Тилекке каршы, үмүт акталган жок.
Абалдын оордугуна карабай, түзүлгөн кырдаал Россия башка тармакта коюлган талаптарды аткарбай моюн толгогону туура болгонун айгинелейт.
Бул окуя Россия бир нерсени натуура кылганы үчүн эмес, жөн гана алардын "мен ушинтип кое алам" деген көкүрөк ургулаган ишениминен тепкиге алынарын көрсөттү.