Үч үйүр жылкы, 500 кой-эчки. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кандай байлыгы бар

Өкмөт башчынын 2018-жылга карата тапшырган декларациясына караганда, анын жеке турак жайы жана автоунаасы жок.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Салык кызматы саясатчылардын декларациясын жарыялады. Алардын катарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да бар.

47 гектар жер, трактор, үй... Сооронбай Жээнбековдун байлыгы жарыяланды
Декларациядагы маалыматка ылайык, өкмөт башчынын 2,6 миллион сомдук 52 жылкысы, 880 миң сомдук 22 бодо малы жана 2,09 миллион сомго бааланган 524 кой-эчкиси бар.

Документте Абылгазиевдин жеке турак жайы жана автоунаасы көрсөтүлгөн эмес. Ал былтыр 826 461 сом иштеп тапкан.

Ал эми жакын туугандары 278,5 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. Ошондой эле аянты 30,5 чарчы метрди түзгөн эки унаа токтотуучу жайдын ээлери.