Зат алмашууну жакшырткан азык-түлүктөр. Диетологдун кеңеши

Диетологдор белокко бай деп саналган жумуртканы жеп турууну сунушташты. Бирок аны кууруганга караганда сууга бышырып жеген алда канча пайдалуу экендигин белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Диетологдор зат алмашууну жакшыртам дегендер кандай тамак жеши керектигин санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Биринчи кезекте көк чай ичүү керек. Ал энергиянын сарпталышын беш пайызга узартып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Майрамдан кийин күптү болуп кыйналгандар үчүн диетологдун 5 кеңеши
Диетологдор белокко бай деп саналган жумуртканы жеп турууну сунушташты. Бирок аны кууруганга караганда сууга бышырып жеген алда канча пайдалуу экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, имбирь, чечевица, чили калемпири, зыгыр күн карамасы, кофе, бразилия жаңгагы, брокколи жана кара-жашыл жалбырактуу жашылчалар да зат алмашууну жакшыртары айтылган.