Кой-Ташта жабыркаган Самат Курманкулов сүйлөп, басып калды

Бир айдан ашыгыраак убакыт мурда Самат Курманкулов комадан чыккан. Азыр ал өз алдынча басып, сүйлөп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кой-Таш окуясында башына таш тийген Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов сүйлөп, басып калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Акырын баса баштады. Сүйлөп да калды. Реабилитация уланууда", — дешти ведомстводон.

Бир айдан ашыгыраак убакыт мурда Курманкулов комадан чыккан болчу.

Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келгени белгилүү болгон.