"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татымдагы өрт чектөөгө алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тез татымдагы өрттү саат 14:08де чектөөгө алган. Учурда аны толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татымдагы жарылуудан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татымдын жарылган учуру видеого түшүп калды
Ага ылайык, өрт саат 14:08де чектөөгө алынып, учурда толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, жарылуу бүгүн, 8-ноябрда, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде саат 13:40тар чамасында болгон. Алгач катуу үн угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан. ӨКМге билдирүү 13.42де түшүп, жерине үч өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун айтымында, жабыркагандардын саны 12ге жетти.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.