Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды

Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкектен эки ирет операция жасалып, кийин дарылануусун Москвадан уланткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы окуя учурунда башына таш тийип жабыркаган Чүй облустук милициясынын начальниги, милициянын полковниги Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бийликке ишеним милиционерден башталат. Жээнбеков тартип сакчыларын куттуктады
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл толду.

Маалыматта Курманкуловго медаль коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарганы үчүн берилгени айтылат.

Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкуловдун өзүнө келип, сүйлөп калганы белгилүү болгон.