"Тайсон" Келдибеков кийинки кармашын Казакстанда өткөрөт. Атаандашы ким?

Кыргызстандык спортчу соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган. Көп өтпөй ACA уюму менен келишимин жаңыртып, анын алкагында дагы төрт беттеш өткөрмөй болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков кийинки беттешин 29-ноябрда Казакстанда өтө турчу ACA жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турниринде өткөрөт. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Марат Бекмуратов Instagram баракчасына жазды.

Беттеш Астана шаарында болот. Анда Келдибеков жергиликтүү спортчу Алтынбек Думанулы менен кармашары айтылат.

Кыргызстандык спортчу соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган.

Көп өтпөй ACA (Absolute Championship Akhmat — ред.) уюму менен келишимин жаңыртып, анын алкагында дагы төрт беттеш өткөрмөй болгон.