Өрттөлөөрдө тирилип кеткен аял. Таиланддагы үрөй учурган окуя

Кремация алдында Сопаджорндун күйөөсү "сөөктү" жууп, аялынын денеси өлүктүкүндөй катыбай жумшак экенин байкайт. Андан тышкары, араң дем алып жаткан жубайынын кирпиктери кыймылга келет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Сөөгү өрттөлөөргө үч-төрт мүнөт калганда тирүү экени билинген аялдын окуясы Таиландда болгонун The Sun жазды.

Тайванда жигит өлүм алдында жаткан кызына үйлөндү. Сүрөт
Маалыматта 70 жаштагы Финидж Сопаджорн калкан безинин шишиги менен жабыркап келгени айтылат. 20-октябрда өлдү делип, жакындары тажыясына даярдана баштаган. Аял үч күн бою жергиликтүү храмда табыт ичинде жатканы белгилүү болду.

Кремация алдында Сопаджорндун күйөөсү "сөөктү" жууп жатып, аялынын денеси өлүктүкүндөй катыбай жумшак экенин байкайт. Андан тышкары, араң дем алып жаткан жубайынын кирпиктери кыймылга келет.

Аялды дароо ооруканага жеткиришет. Үй ээси жубайынын абалы оор экенин, көпкө узай албай турганын айтып берген.

"Кандай болгон күндө да ал азыр тирүү, убактысы келе элек. Эгер жаны бар кезде өрттөлгөндө өтө жаман иш болмок", — деген Тавин Сопаджорн.

Кытайда болсо жаш жигит сүйүктүүсү өлүп калгандан кийин ага баш кошуп дүң болгон.