БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчынын куттуктоосун бүгүн президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев филармонияда өтүп жаткан иш-чарада окуду.
Жээнбековдун куттуктоосунда 10 жыл ичинде Мамлекеттик каттоо кызматы татаал жолду басып өтүп, калктын бирдиктүү реестрин тескеген, көрүнүктүү мамлекеттик органдын бирине айланганы жазылган.
"Жарандар төрөлгөндөн тартып, жашоосунун аягына чейинки негизги маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтар базасын калыптандырды. Элге ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы калк менен өтө тыгыз иштеген мамлекеттик орган болуп калды. Каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.
Президент ошондой эле каттоо кызматы мындан ары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, республиканын бардык региондорунда Калкты тейлөө борборлорун жайгаштыруусу керектигин кошумчалады.