Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Мамлекетти да башкарып, залдагы машыгуусун дагы калтырбай көпчүлүккө үлгү көрсөткөн дүйнө лидерлери бар. Коомчулукка Россиянын лидери Владимир Путин менен Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулганын залда тер төгөрү маалым.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дүйнөдөгү президенттер жана премьер-министрлер спорттун кайсы түрү менен машыгарына көз жүгүрттү. Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Редакция буга чейин кыргызстандык аткаминерлер кайсы спорт менен машыгарын жазган. Анда спикерден тарта Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин тизмектелген.

Владимир Путин

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Россиянын лидери жакында эле спортто биринчи бокс менен машыгып, мурду сынгандан кийин токтотконун айтып берген. Ал дзюдо жана самбодо спорттун чебери, каратэ боюнча кара курдун ээси. Дзюдону азыркыга чейин таштабай, спорттун чеберлери менен спарринг кылып турат.

Халтмаагийн Баттулга

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Монголиянын президенти жаш кезинде дзюдо жана самбо менен машыгып, өлкөнүн курама командасына кирген. Ал 1989-жылы самбо боюнча дүйнө чемпионатын багындырган. Баттулга бизнес жана саясат менен алектенип жүргөнүнө карабай спортту таштаган эмес. Жумасына үч жолу залда тер төгөөрү айтылат. Монголиянын Дзюдо федерациясын жетектейт. Ал быйыл Бишкектеги ШКУ саммитине келгенде Кыргызстандын улуттук курама командасын Токидо өтө турчу Олимпиада оюндарына чогуу даярданууга чакырган болчу.

Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстандын башчысы 15 жашында эркин күрөш боюнча Ашхабаддын чемпиону, андан бир жылдан кийин ок атуу боюнча республиканын чемпиону болгон. Учурда ат чабыштарга, дрифт жарыштарына, ок атуу мелдештерине катышып турат.

Ошондой эле спорт тууралуу "Спорт — достукка, сулуулукка жана ден соолукка карай жол" деп аталган китеп жазган.

Дональд Трамп

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

АКШнын президенти мектеп курагында волейбол, бейсбол, футбол менен активдүү алектенген. Учурда ал гольф ойноп, өзүнүн гольф клубу уюштурган мелдештерге катышып турат. Ошондой эле аралаш мушташ спортунун сүйүүчүсү. Бөтөнчө россиялык мушкер Федор Емельяненкого жан тартып, бир дагы беттешин калтырбай көрөт.

Синдзо Абэ

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ гольф, бейсболду жактырат. Абэ быйыл АКШ президенти Трамп менен биргеликте Японияда бешинчи ирет гольф турнирин өткөргөн. Ошондой эле эки лидер чогуу гольф ойноп турушат.

Эмомали Рахмон

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Тажикстандын башчысы Улуттук олимпиада комитетин дагы жетектеп, бул кызматка үч ирет дайындалган. 2015-жылы Тажикстанда "Эмомали Рахмон: элдин саламаттыгы — чексиз байлык" аталышындагы китеп чыгып, анда президенттин спорттун бир нече түрү менен алектенери жазылган. Бөтөнчө футбол, волейбол, теннис менен алектенгенди жакшы көрөрү айтылат. Ошондой эле ар кыл марафон, чуркоолорго катышып келет.

Эммануэль Макрон

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Франциянын башчысы убагында профессионал футболчу болгон. Париждин "Л'Эна" клубунун намысын коргогон.

Ошондой эле теннис ойноп, бокс менен машыгат. Макрон Францияны 2017-жылдан тарта башкарып келет. Ал эң жаш президенттердин бири. Учурда 42 жашта.

Игорь Додон

Молдованын башчысы сегиз жылдан бери улуттук Шахмат федерациясын жетектейт. Шахматты бала кезинен баштап ойнойт. Кээде гана кесиптештери менен мелдешип турат. Додон бул оюнду орто окуу жайлардын предметинин программасына киргизүүнү демилгелеген.

Жастин Трюдо

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Канаданын премьер-министри жеңил атлетика менен машыгып, сноуборд тээп, байдаркада сүзөт. Жумасына бир нече ирет бокс залына барып турат. Трюдо 2012-жылы консервативдик партиянын сенатору Патрик Бразо менен кайрымдуулук беттешин өткөрүп, аны утуп алган.

Трюдо Канаданын премьер-министри болуп 2015-жылдан бери иштеп келет.

Александр Лукашенко

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Белоруссиянын президенти азыркыга чейин хоккей ойноп, спорт сүйүүчүлөр арасында мелдешке катышып турат. Мамлекет башчынын өзүнүн хоккей командасы да түзүлүп, турнирлерден алдыңкы орундарды алып келет. Sputnik Беларусь маалымат агенттигинин жазышынча, Лукашенко хоккейден тышкары велоспорт, гандбол, баскетбол, футбол, лыжа тебүү жана сууда сүзүү менен алектенет. Анын спорттун бардык түрүнө убакыт тапканга аракет кылары айтылат.

Филипп VI

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Испаниянын падышасы профессионалдуу түрдө парус спорту менен алектенген. Ал 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Анын атасы, энеси жана эжеси да парус спорту менен алектенип, ири мелдештерде ат салышкан. Филипп VI машыгууларын калтырбаганга аракет кылат.

Си Цзиньпин

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Кытайдын төрагасы сууда сүзүү, баскетбол, бокс жана футбол менен алектенет. Ошондой эле будда уруш өнөрлөрү жана цигун дем алуу гимнастикасы менен машыгат.

Режеп Тайип Эрдоган

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Түркиянын башчысы бала кезинен бери футбол менен алектенет. 15 жашынан тарта жергиликтүү "Жамиалты Спор" жана İETT клубдарында ойногон. Кийинчерээк саясатка аралашып спортко көп убактысын бөлө албай калганы менен анда-санда убакыт таап ойноп турат.

Жорж Веа

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Былтыртан бери Либерияны футболчу Жорж Таулон Манне Оппонг Усман Веа жетектеп келет. Ал 1995-жылы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу, Европанын мыкты футболчусу жана жылдын мыкты африкалык футболчусу аталып, "Алтын топтун" ээси болгон. Футбол жаатында карьерасы аяктагандан кийин саясий-гуманитардык иштер менен алектенген. Учурда мелдештерге катышпаса дагы топ тээп турат.

Саули Ниинистё

Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

Финляндиянын президенти көркөмдөп муз тебүү, хоккей менен алектенет. 2009-жылы Хельсинкидеги муз бийи боюнча Европа чемпионатынын уюштуруу комитетине кирип, иш-чаранын ачылышында спортчу Сусанна Ракамо менен бийлеген. Ал эми хоккейди калтырбай ойнойт. Былтыр Россиянын лидери Владимир Путин менен мелдешкен.