Чынарбек Изабеков күрөш боюнча чемпионатта кайрадан финалга чыкты

Изабеков 100 кг салмак категориясында күч сынашып, үч ирет өткөргөн беттешинде атаандаштарына жеңилүү ызасын тарттырды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков Тбилисиде (Грузияда) өтүп жаткан эркин күрөш боюнча чемпионатта финалга чыкты. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында жарыяланды.

Изабеков 100 килограмм салмак категориясында күч сынашып, үч ирет өткөргөн беттешинде атаандаштарына жеңилүү ызасын тарттырды.

Эми ал финалда ирандык балбан Али Аббас менен беттешмечки.

Чемпиондун жубайы Айдарова: менин жолдошумдай эркектер аз
Изабеков 2017-жылы Болгариянын Пловдив шаарындагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль утуп келген. Андан бир жыл мурда, 2016-жылы октябрда Валбжихе (Польша) шаарында өткөн беттеште эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Грузиядагы быйылкы чемпионатта буга чейин эки ардагер балбан – Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча коло медаль, ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев алтын медаль менен Кыргызстанга келген.