Заворотнюктун Instagram баракчасына жаңы сүрөттөр коюлду

Анда актриса менен жолдошунун сүрөтү коюлган. Бүгүн алардын баш кошкондугуна 11 жыл болгону айтылып, жакшы сөздөр, каалоолор жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Актриса Анастасия Заворотнюктун Instagram баракчасына жаңы сүрөт коюлуп, Петр Чернышев экөөсүнүн үйлөнгөндүгүнүн 11 жылдыгы белгиленген.

Сүрөттүн алдына жакындары менен туугандары каалоолорун, жакшы тилектерин жазган.

“Мындан туптуура 11 жыл мурда бул эки түгөй баш кошкон. Үй-бүлөсүнүн, досторунун жана жакындарынын атынан Настя менен Петрду өзгөчө бул дата менен куттуктайбыз! Жашоодо ар кыл кырдаалдар болот, кубаныч, кайгы кездешет, анын баарын сүйүктүү адамың менен бирге бөлүшүү өтө маанилүү. Силер ар дайым бирге болгонсуңар, азыр дагы экөөлөп кыйынчылыкты жеңип кетесиңер деп ишенебиз...”, - деген бир топ жылуу сөздөрдү окууга болот.

Заворотнюктун абалы тууралуу үй-бүлөсү эмнеге ооз ачпайт? Кызынын түшүндүрмөсү
Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган. Азыр актриса үйүндө.

Жакында эле Заворотнюктун директору актрисанын өлүмү тууралуу маалыматка жооп берген.