Акыркы күндөрү Кыргызстанда күн сайын бери дегенде 700-800 киши көздөгөн жерине жетпей, бардык пландары бузулуп турган кез. Air Manas компаниясы Бишкек — Ош жана Ош — Бишкек багыты боюнча каттамдарын токтотуп койду. Алгач "техникалык себептерден улам" деп айтып келишсе, акыры Транспорт жана жолдор министрлиги самолеттун бузулган жерин оңдоо үчүн тетик табылбай жатканын айтты.
Өкмөт туризмди, ишкерликти өнүктүрөбүз дегени менен ошол чет элдиктерди өлкөгө ташып келүүнүн, өзүбүздүн жарандардын сыртка ээн-эркин каттап туруусунун жолун табууга аракет кылбаганы өкүнүчтүү.
Учаксыз өлкө
Чынын айтканда, Кыргызстанда учак түгүл авиакомпаниянын өзү дагы жок. Документ түрүндө гана акциялары 100 пайыз Мамлекеттик мүлктү башкаруу фандусуна тиешелүү "Эйр Кыргызстан" ишканасы бар. Анын жападан жалгыз учагы бузулуп калып, 2017-жылдын ноябрь айында ишин токтоткон.
Мындан сырткары, "Манас" аэропортунун туунду компаниясы болуп эсептелген "Эйр Кей Джинин" ТУ-154 үлгүсүндөгү бир учагы бар. Бирок аны эл колдоно албайт. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү — өлкөнүн биринчи адамдарын ташуу. Баса, көзгө басар бул учактын дагы өз "таржымалы" бар. Ага бир аздан соң токтололу.
Аткарылбаган убадалар
Авиация тармагында жомоктогудай убадалар көп берилет. Бирок көпчүлүгү аткарылбайт. Бир нечесин мисал келтирели.
— Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов эсиңерде болсо керек. Ал жетекчи кезинде, тагыраагы, 2018-жылдын 3-августунда Sputnik агенттигине маек куруп, "Кыргызстан 2019-жылдын биринчи кварталында Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыгат" деп айткан эле. Азыр биринчи эмес, төртүнчү квартал болду. Бирок министрликтин "кара тизмеден чыктык" деген сүйүнчүсүн уга элекпиз.
Анда министр кайсы фактыга таянып сүйлөгөн? Кара тизмеден чыгуу мынча татаал экенин өзү түшүнгөн эмеспи? Же аткарылбай турган нерсени айтып коюу министр үчүн оңой элеби?
— "Эйр Кыргызстан" компаниясын өз алдынча иштете албай калган жетекчиси Жолдошбек Бектурганов биргелешип иштешүүгө инвестор издеп жатканын көп айтты. Жада калса, бир ирет Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы ишкананын 49 пайыз акциясын сатып алууга кызыкдар экенин, сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген. Бирок ишти аягына чыгара алган жок. Учурда компаниянын эшигин кара кулпу кайтарып калган кез.
Ошол эле учурда коңшу казак эли чет элдик инвесторлор менен Air Astana компаниясын түзүп алышты. Ишкананын 49 пайыз акциясы британиялык BAE Systems plc корпорациясына, 51 пайызы Казакстандын өкмөтүнө караштуу "Самрук-Казына" АКсына тиешелүү. Азыр компаниянын батыш үлгүсүндөгү 35 учагы, 5 миңден ашуун кызматкери бар. Кызыгы, 2018-жылы Air Astana базасында арзаныраак кызмат көрсөтүүчү FlyArystan компаниясын ачышты. Биз эмнеге мындай иш кыла албайбыз?
Баса, бир жыл мурда учагы жок иштебей калган "Эйр Кыргызстанга" Россияда чыгарылган Sukhoi Superjet 100 жана "МС-21" самолетторун жеңилдетилген баа менен сатып алуу боюнча алгачкы келишимдерге кол коюлганын ишкананын директору Жолдошбек Бектурганов айтып берген. Кийин ал келишим эмне болгонун, учактар келер-келбеси боюнча азыркыга чейин үн ката элек.
— 2018-жылы Авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев дагы бир иш планы менен бөлүшкөн. Ал учурда президентти ташуу менен алектенген "Эйр Кей Джи" компаниясын келечекте негизги мамлекеттик авиакомпания кылууну максат кылып, эки Boeing жана эки Airbus сатып алууну ойлонуп жатканын айткан. Андан бери жыл өттү. Жылыш жок.
Air Manas эмне болуп жатат?
Кепти ушул компаниядан баштабадык беле. Эмнеге каттамдары үзгүлтүккө учурап жатат десе, жалгыз учагы бузулгандан тышкары, ишканада акционерлер алмашып жатыптыр. Эсиңерде болсо, 2013-2014-жылдары Кыргызстандын рыногуна түрктөрдүн Pegasus Airlines компаниясы кирип, жергиликтүү авиаторлорду бир топ чыркыраткан. Билет баасы өтө эле төмөн болгону атаандаштарга жакпай, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги анын ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган. Анда компания Air Manas ишканасынын 49 пайызын сатып алып, иш баштаган эле. Көрсө түркиялыктар ошол үлүшүн жакында эле Улуу Британиянын Белфаст шаарында каттоодон өткөн AviaTrade Corp. LP. компаниясына сатыптыр.
Бул компания Кыргызстанда канчалык деңгээлде ишкерлик кылып, авиация тармагына салым кошору али белгисиз. Азырынча каттамдар үзгүлтүккө учурап, элди убайымга гана салып жаткан кези.
Avia Traffic жана TEZ JET
Бүгүнкүдөй авиация унутта калган шартта жанын сабап иштеп жүргөн мындай ишкерлерге эч нерсе дей албайсың. Бирок Avia Traffic компаниясынын ишиндеги айрым мүчүлүштүктөргө таптакыр көз жумуп коюуга дагы болбойт.
Компаниянын учактары бузулуп калып, бир нече ирет орто жолдон кайтып келген мисалдар бар. Жакынкы айларда болсо учактары абага 11, 15 саат кечигип көтөрүлүп жүрөт.
Ал ортодо коңшулар...
Коңшулар бизден оголе алдыда, салыштырып дагы болбойт. Мисалы, Казакстанда 10дон ашык авиакомпания иштейт. Алар Франкфурт, Бангкок, Гонконг, Куала-Лумпур шаарларына түз каттайт. Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы Uzbekistan Airways Нью-Йорк шаарына учат. Тажиктердин Дели, Пекин, Дубай шаарларына каттамдары бар.
P.S.Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.