БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов 25 жаштагы айдоочуга жол талаштан чыккан уруштан улам ок чыгарган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Эске салсак, буга чейин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдун 9-октябрда жол талаша кетип, айдоочуну атып жибергени жана анын ооруканага түшкөнү маалымдалган.
Алардын айтымында, эртең мененки 08:00дөр чамасында милициянын 102 номерине Масалиев – Алымкулов көчөсүндө мушташ болуп жатат деген кабар түшкөн.
“Ал жерге барган Ленин райондук милициясынын кызматкерлери болжол менен 8:20 чамасында эки айдоочу жол талаша кеткени боюнча маалымат алган. “Toyota Camry” автоунаасын айдап бара жаткан адам жерге түшүп, дароо эле криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов экендигин, жумушка шашып бара жаткандыгын айткан”, — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.
Милиция жол талашкан жаран туурасында төмөнкүчө билдирген.
Милициянын басма сөз кызматы Криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Амангуловдун айдоочуга ок чыгаргандыгын төмөнкүчө негиздеген.
“Анткен менен Ж.А. милиция кызматкерине кол салуусун токтоткон эмес. Мындан улам Амангулов Ж.А. тарапка ок чыгарганда, ал автоунаасына түшүп, белгисиз жакка жүрүп кеткен”, —деп айтылат маалыматта.
Бул милиция кызматкери катышкан чуулуу алгачкы окуя эмес. Буга чейин Бишкекте Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин пара алып жаткан жеринен кармаган.