БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектеги футбол мелдешинде Кыргызстандын спортчулары Мьянманын курама командасын 7:0 упай эсебинде утту. Бул 2020-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы өлкөнүн биринчи жеңиши болду.
Оюндун жүрүшүндө Эдгар Бернхардт үч гол, Алимардан Шүкүров эки гол, Гүлжигит Алыкулов бир гол жана Валерий Кичин бир гол киргизип, жеңишти камсыздады.
Натыйжада Кыргызстандын футболчулары тарыхты жаңылады. 1993-жылы улуттук курама команда Мальдивдин спортчуларын 6:0 эсеби менен жеңген эле.
Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.
Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калганы маалым.