Депутат: Вьетнамдан келген импорт экспорттон ашып кетти

Эл өкүлү Кыргызстан Вьетнамга 600 миң долларлык экспорт жасаса, Вьетнам Кыргызстанга 3,4 миллион долларлык товар жөнөткөнүн белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода алаканын абалы кандай экенин экономика министри Санжар Муканбетовдон сурады.

Бүгүн депутаттар "2018-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал үчүнчү окууга жөнөтүлөт.

Министр 2018-жылы Кыргызстан Вьетнам аркылуу Индонезияга эт жөнөткөнүн билдирди.

"2018-жылы эт жөнөткөнбүз. Булардын бардыгы Индонезияга Вьетнам аркылуу кетип жатат. Жалпысынан 596 тонна эт азыгы кетип, 28 миллион 276 миң сомду түздү", — деди Муканбетов.

Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
Эл өкүлү Экономика министрлиги Вьетнамдан ЕАЭБге келип жаткан товарларды карап, ошолорго карата иш алып баруу керектигин айтты. Себеби ал жактан келген товар көп болгондуктан рынок менен ишкерлер корголбой калып жатат.

"Биз рынокту коргой албай, башкы атаандашка шарт түзүп берип жатабыз. Маалымат үчүн айтсам, былтыр бизден 600 миң долларга гана экспорт кетсе, Вьетнамдан бизге 3,4 миллион долларга импорт келип жатат. Бул алты эсе көп дегенди билдирет", — деп Карашев тынчсызданды.

Депутат экономика министрине кайрылып, рынокту коргоо жолу менен иш алып баруу керектигин сунуштады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.