Жээнбеков: улгайгандарды 1-октябрда эле эстебей, ар дайым ардактайлы

Президент карыларга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков улгайгандар күнү менен карыларды куттуктап, алар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү азыркы муундун милдети экендигин айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, дүйнө боюнча 1-октябрь — Улгайгандардын эл аралык күнү деп белгиленип келет.

"Урматтуу мекендештерим! Кадырман карыялар! Сиздерди карылардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — азыркы муундун милдети", — деп айтылган куттуктоодо.

Президент улгайгандарды бир эле күндө эстеп койбой, ар дайым көңүл буруу керектигин айткан.

Кыргызстандын кайсы жеринде кеч үйлөнүп, турмушка эрте чыгат. Статистика
"Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат. Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат. Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү", — деди президент.

Статком жакында эле Кыргызстандын калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындап бара жаткандыгын билдирген. 2019-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 пайызын түзүп турган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.