Финпол финансы министрин суракка чакырып, ведомствону тинтүүгө алганы айтылды

Министрликтин маалымат кызматы тинтүү болгонун жана документтер алынганын тастыктады. Бирок Жээнбаева Арменияда өтчү ЕАЭБ жыйынына делегациянын курамында кеткендиги үчүн суракка бара албастыгын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын атайын даярдыктагы бөлүгү өткөн аптанын жума күнү ведомствону тинтүүгө алуу үчүн Финансы министрлигине барган. Бул тууралуу Финансы полициясындагы булак билдирди.

Финпол автоунааны мыйзамсыз ташыган коррупциялык схеманы аныктап чыкты
Анын айтымында, министр Бактыгүл Жээнбаева бир нече жолу суракка чакырылып, бирок барбай койгон. Министрдин кайсы иш боюнча чакырылганы так айтылган жок.

Жума, 27-сентябрь күнү, спецназ менен ыкчам кызматкер Финансы министрлигин тинтүүгө алып, бир нече документти алып кетишкен. Жээнбаеваны бүгүн, 30-сентябрга, суракка чакырышкан.

Министрликтин маалымат кызматы тинтүү болгонун жана документтер алынганын тастыктады. Бирок Жээнбаева бүгүн Арменияда өтчү ЕАЭБ жыйынына делегациянын курамында кеткендиги үчүн суракка бара албастыгын билдиришти.