ЖМК: кыргызстандык теннисчи кыз Францияда кармалды

Кыргызстандык спортчу менен өзбекстандык теннисчи Клермон-Ферран шаарында өтүп жаткан турнир маалында кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Францияда Кыргызстан менен Өзбекстандын теннисчилери ITF Gonesse мелдеши учурунда өз ара сүйлөшүп алган деген шек менен кармалды. Аталган турнирдин байге фондусу 25 миң долларды түзгөнүн Ouest-France басылмасы жазды.

Ага ылайык, быйыл март айында Франциянын Гонесс шаарындагы аялдар арасындагы эл аралык турнирде өзбекстандык теннисчи башка спортчуга атайылап утулуп берген. Бул аракетти ишке ашырууда кыргызстандык теннисчи ортомчу болгон.

Президент Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир белек кылды
Спортчу кыздар 23-24-сентябрда Клермон-Ферран шаарында өткөн турнир маалында кармалган. Алар Понтуаз (Франция) шаардык сотунда көрсөтмө бергени айтылды. ITF календарына ылайык, Клермон-Ферран шаарындагы турнирге өзбекстандык теннисчи Алина Хабибулина менен кыргызстандык Ксения Палкина катышкан. Алар бирден оюнга катышып, кийинки беттештерден 24-сентябрдан тарта четтетилген.

Март айында өткөн ITF Gonesse турнирине Алина Хабибулина катышып, квалификациялык оюндар маалында франциялык Амината Сэллге утулуп калган.

Кыргызстандын Теннис федерациясынан түшүндүрмө алганга мүмкүн болгон жок.