Ала кийиз менен шырдак кантип жасаларын Бишкекте уздар айтып беришет

Кыргызстандын жети облусунан келген чеберлер каалоочуларга шырдак, ала кийиз жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн шырдак жана ала кийиз жасоо боюнча көргөзмө жана каалоочулар үчүн мастер-класстар башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кыргызстандын жети облусунан келген чебер, уздар билген тажрыйбаларын бул өнөрдү үйрөнөм дегендерге айтып жана көрсөтүп берет.

Европага жеткен шырдак, топоздун эти. Нарындыктар дагы эмнеси менен мактанат
Анда шырдак менен ала кийизге түшүрүлгөн оюулар, алардын түрлөрү, маани-маңызы, кандай оюу эмнени түшүндүрө тургандыгы боюнча да маалымат берилет. Мындан сырткары, каалоочулар кызыккан суроолоруна жооп алса болот.

Иш-чара үч күн бою Фрунзе үй-музейинде өтөт жана саат ондо башталып кечки беште аяктап турат.

Бул мастер-класс Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган.

Эске сала кетсек, 2012-жылы кыргыздын ала кийиз менен шырдагы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.