БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Уйкунун бузулушу жана канбай калышы ичеги-карындын иштөөсүн бузат. Мындай тыянакка португалиялык илимпоздордун тобу келгенин EurekAlert! жазды.
Эксперименттин жүрүшүндө изилдөөчүлөр атайылап организмдин иштөө ыргагын бузушкан, натыйжада ичеги-карындагы ILC3 азайып кеткен. Бул өз кезегинде майдын топтолуусуна, ашказандын сезгенишине алып келет.
"Окумуштуулар мындай абал ILC3 клеткаларынын ичеги-карын ткандарында ары-бери жүрүү ыраатын бузат. Уйку режими бузулганда ILC3 клеткаларына жол көрсөтүп туруучу белоктор чыкпай калат. Бул иммунитетке байланышкан ооруларды, ичеги-карын дартын шарттайт", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар мындан улам түнү менен иштегендер же күнү менен түнү алмашып калгандар ашыкча салмак алып, ичеги-карды оорукчан болуп каларын белгилешти.
Буга чейин адистер кандай абалда уктоо туура экенин да айтып беришкен.