Талас Улуттук көчмөндөр оюндарын жыйынтыктап, эстафетаны тапшырды

Улуттук көчмөндөр оюндары эми 2021-жылы Ош облусунда өтөт. Эскерте кетсек, 2020-жылы Түркияда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары уюштурулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 21-cен. — Sputnik. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып, эстафета Ош облусуна тапшырылды.

Жабылуу салтанатында сөз сүйлөгөн өкмөттүн Таластагы өкүлү Марат Мураталиев кийинки оюндар Ош облусунда өтөрүн айтып, эстафетаны кесиптеши Узарбек Жылкыбаевге өткөрүп берди.

Улак кучактап тай казанга кулаган Тыналиев. Чүй менен Оштун беттеши сүрөттө
Өз кезегинде Ош облусунун жетекчиси Таластагы оюндар жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, 2021-жылы болчу иш-чара да мыкты болоруна ишендирип кетти.

Иш-чаранын жабылуу салтанатына президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү катышты.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары жыл сайын республикалык масштабда өтө турганын президент Сооронбай Жээнбеков жыл башында Баткенге болгон иш сапары учурунда билдирген.

Алгачкы оюндар Талас облусунда болору айтылып, даярдыктар башталган. Оюндун программасына мелдештин 10 түрү — ордо, тогуз коргоол, эр эңиш, көк бөрү, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, кыргыз күрөш, алыш күрөшү жана салбуурун кирген.

Андан тышкары, этнофестиваль уюштурулуп, маданий программа да көпчүлүктүн купулуна толду.

“Манас-Ордого” 300 боз үй тигилип, ар облустан келген делегация өкүлдөрү өнөрлөрүн тартуулап, концерттер көрсөтүлдү.

Акыркы күнү, 21-сентябрда, спорттук мелдештердин финалдык бөлүктөрү өтүп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары өтүп, Кыргызстан эстафетаны Түркияга өткөрүп берген.