Талаа-түздө эл аралаган өкмөт башчы. Султан Ибраимовдун эл көрө элек сүрөттөрү

Sputnik

Саясатчы 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Ал эмгек жолун өзүнүн айылында колхозчу, тракторлуктан баштап, өкмөт башчысы болгонго чейин жетишкен.

Сейрек сүрөттөр! Белгилүү саясатчылар окуучу кезинде кандай эле
Ибраимов Кыргыз ССРинин суу чарба жана мелиорация министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы, Ош обкомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы кызматтарын аркалаган. Эки Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган. Быйыл гана Султан Ибраимовго (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Кыргыздын камчыга сап уулун 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
1 / 13
Султан Ибраимов эмгек жолун өзү туулуп-өскөн Алчалуу айылындагы колхоздон баштаган
2 / 13
Беш жылдай Мелиорация жана суу чарба министрлигин жетектеген (1961-65)
3 / 13
1968-78-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун 1-катчысы
4 / 13
Эки жылдан ашык Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы кызматын аркалаган (1978-80)
5 / 13
Чырайлуу кыздардын курчоосундагы Турдакун Усубалиев жана Султан Ибраимов. ВДНХ
6 / 13
Жүгөрү талаасында түшүмдүүлүктү текшерген министр
7 / 13
Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатов экөө тең Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болгон
8 / 13
Султан Ибраимов кыргыз элинин интеллигенциясы Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Турдакун Усубалиев жана башкалар менен
9 / 13
Мамлекеттик ишмер аймактарга көп барып, элеттиктерге өтө жакын болгон
10 / 13
Ибраимов кыргыз элинин эсинде чынчыл, эмгекчил, иштин майын чыгара жасаган инсан катары калды
11 / 13
Белгилүү саясий ишмердин уул-кыздары ар кыл тармактарда эмгектенип келишет. Алардын арасында илимпоз, журналист, дарыгер, дипломат, коомдук ишмерлер да бар
12 / 13
Султан Ибраимов жубайы менен эки уул, үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн
13 / 13
Саясатчы 53 жашында көз жумган