Саркулов: төрт унаа менен 108 ирет жол эрежесин бузган милиционер кармалды

Милиция кызматкеринин жол эрежесин бузган учурлары "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларына түшүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен.— Sputnik. Ордо калаада төрт түрдүү автоунаага бир мамлекеттик номер тагып, жол эрежесин такай бузган милиция кызматкери кармалды. Бул боюнча ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов жергиликтүү радиолордун бирине маек куруп жатып билдирди.

"Бүгүнкү күндө айдоочулар жасалма мамлекеттик номерлердин жардамы менен жоопкерчиликтен качуунун амалын көрүп жатышат. Жакында эле милиция кызматкери кармалды. Ал бир номерди төрт түрдүү автоунаага тагып алып, 108 жолу жол эрежесин бузган учуру "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларына түшүп калган", — деди Саркулов.

Ноокатта мал уурдоого шектелген эки милиция кызматкери колго түштү
Ошондой эле кармалган милиция кызматкери тиешелүү дисциплинардык жазага тартылып, жасалма мамлекеттик номерди колдонгону үчүн ага акчалай айып салынганын кошумчалады. Анын айтымында, прокуратура органдарынан ЖКККБ башкармалыгына мыйзам бузган милиция кызматкерин мыйзамга ылайык катуу жазалоо боюнча сунуштама келген.

Белгилей кетсек, 15-июнда мониторинг борбору менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Манас жолунан 20 жаштагы уланды кармашкан. Ал бир эле мамлекеттик номерди Toyota Camry, BMW-Х5, Mersedes-Benz W210 жана Honda Torneo унааларына тагып жүргөн. Жигитке айып салынган. Бул учурдун жогоруда аталган окуяга байланышы бар-жогун Саркулов тактаган жок.