Абылгазиев Баткенге келди. Чек арадагы абал боюнча акыркы маалымат

Премьер-министр чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аскердик учак менен Баткен облусунун Лейлек районуна келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Чек арадагы жаңжалда кимдин каза болгону аныкталды
Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиргени боюнча ушу тапта чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушат.

Эске салсак, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, 13 киши жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Эки аскердин абалы оор.

Чек ара жаңжалы боюнча Тажикстандын расмий органдары да билдирүү жасады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаганын билдирген. Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 16-сентябрда саат 18:45тер чамасында Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерин баштаган. Жергиликтүү тургундар (тажик тарап) курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.

"Эки тараптуу жетишилген макулдашууларга карабай Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тарткан. Чагымчылдык аракеттерден кийин Тажикстандын куралданбаган жай тургундарына карата ок атылып, бир нече киши жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.