Контейнер мектеп. Окуучулар суук түшкөндө башка имаратка көчүрүлөт

Кеңеш айылына контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде билим алган окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Нарын облусуна жумуш сапары учурунда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Окуучуларды көчүрүп барчу имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн акча бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

"Жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектеп куруу иштери башталат. Анын долбоордук-сметалык документациясы даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Нарында контейнерде окуган балдар. Өкмөттүн өкүлчүлүгү үн катты
Эске салсак, жаңы окуу жылында Кеңеш айылына контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн. Аземге Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган аткаминерлер катышкан.

Көп өтпөй социалдык тармакка мобилдик үйдүн астында отурган беш аткаминердин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкуу жаралган.

Айрымдар мектеп салууну демилгелеп, курулуш материалдарын, акча каражатын чогулта баштаган. Бирок өкмөт элден мындай жардам алуудан баш тарткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.