Сынга кабылган Жогорку Кеңештин депутаты Мусаев мандатынан баш тартты

Мусаев 2018-жылы 18-апрелде депутат болуп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынан депутат Насыр Мусаев Борбордук шайлоо комиссиясына өз ыктыяры менен мандатынан баш тартканы боюнча арыз жазды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми арызды БШК өз жыйынында карап, чечим кабыл алат.

Бир кыз өлгөн. Кожобек Рыспаев 20 жыл мурун кабылган авариянын чоо-жайын айтты
Белгилей кетсек, Мусаев 2018-жылы 18-апрелде депутат болуп келген. Айрым ЖМКлар ал депутат болуп келгенден кийин ден соолугуна байланыштуу бир да жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышпаганын жазып чыгышкан.

"Кыргызстан" партиясынын тизмесине ылайык, кийинки кезекте Бектен Сыдыгалиев турат. Ал УКМКда иштегени жазылган.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын катары буга чейин да жаңы депутат менен толукталган болчу. Айтмамат Назаров Улуттук энергохолдингдин жетекчилигине дайындалгандыктан ордуна Айнура Аскарова эл өкүлү болуп келген