Камактагы Атамбаев УКМК терезесинен тарапташтарына кол булгалады. Видео, сүрөт

Окуянын видеосу социалдык тармакка жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. УКМКнын имаратында сурак берип жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев терезеден тарапташтары менен туугандарына кол булгалады.

Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Соттук иш кандай өттү
Окуянын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-октябрга чейин калтырылган болчу.

Мурунку президент негизинен кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Кой-Таштагы окуя, жер тилкесин мыйзамсыз алуу жана башка окуялар боюнча айыпталууда.

Кой-Таш окуясы

Атамбаев курдурган мечит камакка алынган жок. Прокуратуранын түшүндүрмөсү
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракат алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Кийин 20-августта анын камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган.