Ачканы контейнер мектеп. Нарында аткаминерлер сынга кабылды

Социалдык тармакта мобилдик үйдүн астында отурган беш аткаминердин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Нарын районунун Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда болгондуктан окуучулар мобилдик үйдө окуп жатышат.

Коррупциядан түшкөн миллиондор мектептерди жакшыртат... Курулушка акча которулду
Жаңы окуу жылында айылга контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземи кечээ, 2-сентябрда болуп, ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган аткаминерлер катышкан. Бирок алар коомчулуктун сынына кабылды.

Социалдык тармакка мобилдик үйдүн астында отурган беш аткаминердин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады.

Облус жетекчилигинин маалымат кызматы ӨКМ "Кеңеш айылындагы мектептин имаратында балдарды окутуу кооптуу" деген корутунду чыгарганын билдирди. Азыркы тапта окуучулар алты мобилдик үйдө жана эки бөлмөлүү кошумча корпуста окуп жатат.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков атайын эсепке коррупциядан түшүп жаткан каражаттарга мектептер куруларын айткан.