Эркин Асрандиев аман-эсен табылды. Сүрөт

Асрандиевдин тууганы 31-августта саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Асрандиевди түнкү саат экилер чамасында табышкан, ал өзү байланышка чыккан.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы кантип жоголуп кеткенин айтып берди
Белгилей кетсек, Асрандиевдин тууганы 31-августта саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Өзү буёкту байланып сүзүп бараткан.

Катуу толкун болгондо кайыктагы киши менен да байланыш үзүлүп калган.

Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткен. Башкача айтканда, ал Ысык-Көлдүн түндүгүнөн түштүк тарабына сүзүп өтүүгө белсенген. Аны издөөгө бардык күчтөр тартылып, өкмөт башчы окуя жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.