Сентябрдын башында күндүн көзү бузулат

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 2-3-сентябрда аба-ырайы бузулат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16 градус, күндүз +19…+24 градус жылуу болот. Тоо этектеринде түнкүсүн +5…+10 градус, күндүз +13…+18 градус жылыйт.

Күн ысык болобу? Жайдын акыркы аптасына карата аба ырайы
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12 градус, күндүз +17…+22 градус нөлдөн жогору. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17 градус, күндүз +23…+28 градус ысыйт.

Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +5…+10 градус, күндүз +15…+20 градус жылыйт. Тоолуу райондордо түнкүсүн +1…+6 градус, күндүз +9…+14° градус жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз +3…+8 градус жылуу болушу мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.