Оңолбек Каныбек уулу Азиянын аймактык чемпионатынын мыкты оюнчусу аталды

Мелдеш 19-24-август күндөрү Непалдын Катманду шаарында өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Волейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу Азия чемпионатында 

Азиянын аймактык чемпиону болгон КР волейболчулары өлкөгө келди. Видео
борбордук аймактагы тайпалардын ичинен мыкты оюнчу деп аталды. Бул туурасында КРдин Волейбол федерациясынын сайтында айтылат.

Азиянын аймактык чемпионаты 19-24-август күндөрү Непалын Катманду шаарында өткөн. Анда улуттук курама команда төрт өлкөнүн тең тайпасын 3:0 эсеби менен утуп биринчи орунга ээ болгон. Кечээ спортчуларды "Манас" аба майданынан салтанаттуу тосуп алышты. 

"Оңолбек Каныбек уулу мелдештердин бардык бөлүгүндө ойноп, курама команданын ичинен эң мыкты жыйынтыкты көрсөтө алды", — деп айтылат маалыматта.

Волейболчу мындай наамга биринчи жолу 2017-жылы татыганы айтылды.

Азиянын аймактык чемпионатында Кыргызстан, Непал, Мальдив аралдары, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш жана Афганистан болуп, жалпы жети өлкө ойноду.