Бишкектин чыгышында өрттөнүп жаткан кампада эмне сакталганы белгилүү болду

Кызматкерлердин айтымында, кампа Кытай жарандарына тиешелүү.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын чыгыш тарабында өрттөнүп жаткан кампада кездемелер сакталып турган. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Өрт чыккандыгы жөнүндө маалымат 18:42де түшкөн. Кампа шаардын чыгышындагы өндүрүш аймагында жайгашкан.

Ал жердеги кызматкерлердин айтымында, объект Кытай жарандарына тиешелүү.

Жеринде беш өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. 

Эске салсак, кечээ, 21-августта, Бишкектин батыш тарабында, Интергельпо көчөсүнүн аймагында дагы бир капмада ири өрт чыккан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.