БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бразилиялык мушкер Аманда Нуньес 14-декабрда UFC 245 турниринин алкагында голландиялык спортчу Жермейн Де Рандами менен реванш беттеш өткөрөт. Бул туурасында уюмдун расмий Instagram баракчасында айтылат.
Беттеш Лас-Вегас (АКШ) шаарында өтөт. Турнирде Нуньес Де Рандами менен кармашып, 61 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргойт. Белгилей кетсек, Нуньес 65 килограмм салмактагы кыз-келиндер арасында дагы чемпион болуп саналат. Ал эми голландиялык мушкер ушул эле салмакта мурда чемпион аталып, убагында коргобогону үчүн наамынан ажыраган. Спортчулар октагондо экинчи ирет жолугушмакчы. 2013-жылы UFC турниринде Де Рандами бразилиялык мушкерге техникалык нокаут менен утулуп калган.
Шевченко Нуньеске UFC турниринин алкагында эки ирет калыстардын чечими менен утулганы маалым. Анда алар 61 килограмм салмакта күч сынашып келген.
Кыргызстандык мушкер былтыртан тарта октагондо 57 килограмм ченде мелдешип, чемпиондук курга ээ болгон. Жакында эле Уругвайдагы UFC турниринде америкалык Лиз Кармушту утуп, жеңишинен кийин "Нуньеспи же башкасыбы, келсин, октагондон күтөм!" деп жар салган.