Бермет Акаева Бишкекке учуп келди

2005-жылкы революциядан кийин Акаева депутаттык мандатынан ажыраган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгенин адвокат, Сотторду тандоо кеңешинин мурунку мүчөсү Канат Хасанов соцтармактагы баракчасына жазды.

Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине мамлекеттик органдардагы өздүк булактар тастыктады. Ага ылайык, Акаева Бишкектеги "Манас" аэропортуна бүгүн эртең менен конгон.

Белгилей кетсек, 47 жаштагы Бермет Акаева — Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын төрт баласынын эң улуусу. 2005-жылы иниси Айдар экөө Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланышкан. Бул дагы "жоогазын" революциясынын себептеринин бири болуп, мандаттан ажырашкан.

Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар
Казакстан жараны Адил Тойгонбаевге турмушка чыгып, бир топ жыл бирге өмүр сүргөн. Тойгонбаев "кыргыздын эрке күйөө баласы" атыгып, балалуу болушкан. 2005-жылкы ыңкылаптан соң Тойгонбаев рейдерлик, жемкорлук жана алдамчылык боюнча сыртынан айыпталган. 2017-жылы борбор калаанын Биринчи Май райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо, 20 миң сом өлчөмүндөгү айып менен 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн сырттан угузган. Ошондой эле сот Тойгонбаевден 677 миллион сомду "Манас" эл аралык аба майданы" ААКынын пайдасына төлөтүү чечимин чыгарган.

Бермет Акаева чет жерде атасы менен биргеликте Кыргызстандын келечеги тууралуу китеп жазган. Былтыркы жылдын аяк ченинде ата-энеси менен биргеликте Германияда мекендештер менен кезиккен. Ал жакта мурдагы президентке жумуртка ыргытканда атасына болуша кеткен видеосу тараган.