Шойгунун учагына жакындаган НАТО истребителин Су-27 кууп ийди. Видео

Россиянын Коргоо министрлиги НАТОнун истребители министр Сергей Шойгунун учагынын жанына жакындап келген видеону жарыялады.
Sputnik

Асманда аңтарылып учуп. Истребителдердин таңгалдырган видеосу
Видео министр бараткан борттун ичинен тартылган. Андан 12-26 номерлүү F-18 истребители самолеттун жанына өтө жакын келүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.

Бир нече секундадан кийин НАТОнун истребители багытын өзгөртүп алыстап кеткен. Видеодон Россиянын Су-27 учагы истребителди ары көздөй кууп жиберип, Шойгунун самолетунун канатынын асты менен учуп баратканы көрүнгөн.

Окуя 13-августта Балтика деңизинин нейтралдуу абасында болгон. Шойгу Калининграддан Москвага кайтып келе жаткан, анын аба кемесин эки Су-27 учагы коштоп баратканы айтылды.