Кой-Таштан жаракат алган бир жоокер каза тапты

Дарыгердин айтымында, аскер жүрөгүнө ок жеген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбордогу ооруканадан Кой-Таштагы кырдаалдан жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн аскери каза тапты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, аскер жүрөгүнө ок жеген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө басып кирүүдөн жабыркап Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ооруканаларына 15 киши жаткырылган. Үчөө Чүй облустук ооруканасына, дагы үчөө Улуттук госпиаталга, ал эми тогуз адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген.

Алмазбек Атамбаевдин иши

Атамбаевдин ок атылган үйүнүн ичиндеги алгачкы сүрөттөр жарыяланды
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Мындан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таш айылындагы үйүнүн аймагында жайгашкан элдик штабга чогулушкан.

Экс-президент Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМге үчүнчү ирет суракка чакырылган. Бирок Атамбаев азыркы бийлик "укуктук талаадан чыгып кетти" деп, тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын айткан.

Мурдагы президенттин юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесарев ИИМдин тергөө кызматына суроолорду жиберишин сунуштаган.

Өз кезегинде тиешелүү орган Слесаревдин келтирген жүйөсүн туура эмес деп баалап, түшүндүрмө берген.