БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Учурда Нарын районундагы Кара-Чий айылында чогулган эл жолду жапкан жок. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ага ылайык, учурда абал туруктуу жана коомдук коопсуздукту Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.
Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана башка аткаминерлер барышкан.
Жолугушууда эл бийликке талап койгон, анын ичинде премьер менен спикер келип, чыр-чатакка жеринен чекит коюшсун деген да шарт бар. Бул окуялардан кийин кытай компаниясы жумушчулары менен техникаларын кенден алып чыгып, ишкана ишин убактылуу токтоткон.