Атам качкан жок! Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кайрылуу жасады

Ал үй-бүлөсү жана жарандык позициясын билдирем деп жабыркаган кишилер үчүн коркуп жаткандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева бүгүн, 7-августта, Кой-Ташта болгон окуя тууралуу кайрылуу жасады.

Анда атасы Алмазбек Атамбаев эч жакка качпаганын жана аны кармалды деген маалыматтар суу кечпей турганын билдирди.

"Биринчиден, атам эч жакка качкан жок. Аны эч ким кармаган да жок. Ал коопсуз жайда жашынып отурат деген сөз да суу кечпейт. Ал азыркыга чейин Кой-Ташта. Экинчиден, "Акнет" "Апрель" телеканалынын эфирин өчүрүп салышы көп нерседен кабар берет", — деп жазды Шагиева.

Ал саясатка такыр аралашпаганын жана эмне болуп жатканынан кабары жоктугун да баса белгилеген. Шагиева, андан сырткары, Кой-Ташта тик учактар учуп жүргөнүн, байланышты атайын үзгүлтүккө учуратып жатышы ыктымалдыгын билдирген.

"Үй-бүлөм үчүн жана ал жакта өздөрүнүн жарандык позициясын билдирем деп жабыркаган кишилер үчүн абдан коркуп жатам", — деди ал.

ИИМ Кой-Таштагы тартипти сактоо үчүн кошумча күч тартты
Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Ал ортодо депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин учурда кайда экенин айтты

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар