Карылыкка моюн сунбайм десеңиз ак чай ичиңиз. Адистин сунушу

Адис чайды күнүнө сегиз кружкадан ичүү зарыл экендигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Фитнес жаатындагы британиялык адис Ники Виброу картаюуну жайлатып, организмдеги суунун балансын кармап турган ыкманы атады. Анын айтымында, бул үчүн күнүнө сегиз кружка чай ичүү керек. Адистин билдирүүсүн "Известия" жазды. 

Жаштыкты узартуучу азыктар аныкталды
Виброу картаюуга клеткадагы химиялык реакциялар алып келерин түшүндүрүп берген. Тагыраагы, зыяндуу делген элементтер клеткага кычкылтек жеткирбей, коллагендин (организмдеги желим заттарды жаратуучу ткань — ред.) деңгээлин төмөндөтөт. Бул өз кезегинде теринин өңүн өчүрүп, шуудурап калышына алып келет.

Адис белгилегендей, көптөгөн иликтөөлөр көк же ак чай ичкендердин клеткалары башкаларга салыштармалуу кеч картайганын көргөзгөн.

Ал өзү чайларды көп иче турганын жана картаюунун алдын алып жатканын сезгенин айтып берген. Ошондой эле териси чоюлчаак тартып арыктаганын, мындан тышкары, холестерини азайганын кошумчалаган.