Солтон-Сарыдагы чыр: Жеңиш Разаков Кытайдын элчиси менен жолукту

Аткаминер бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар Солтон-Сары кенине жакын жерде кытай жарандарынын жана жергиликтүү калктын ортосунда болгон окуяны тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алышты.

Министрлик Солтон-Сарыдагы окуядан канча киши жабыркаганын айтты
Разаков өкмөт инвесторлордун да, жергиликтүү калктын да кызыкчылыгын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөрүн айтты. Андан сырткары, бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилерин белгиледи.

Ал ошондой эле ички иштер органдары окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтеп жатканын кошумчалап, жеринде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Аягында пикир келишпестиктен улам тараптар бири-бирин ташка алган. Жаракат алган айрым жарандар аймактык ооруканага жеткирилген. Абалды жеринен көзөмөлдөө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 6-августта эртең менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чыгып кеткен. Андан сырткары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атайын кеңешме өткөрдү.